10:48, 14 ноября 2023, 24.kg

Сицилия аралында Этна жанар тоосу атылды

Сицилия аралында Этна жанар тоосу атылды. Бул тууралуу La Sicilia гезити Италиянын Улуттук геофизика жана вулканология институтуна (INGV) шилтеме берүү менен билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, жарылуу жанар тоонун түштүк-чыгыш кратеринде болгон. Эксперттердин баамында, жанар тоонун атылуусунун бийиктиги деңиз деңгээлинен 4,5 миң метрди түздү.

Этнанын атылышынын учурдагы фазасы Сицилиянын Катания шаарындагы аэропорттун ишине таасир этпей турганы белгиленет.

Учурда жанар тоо адистердин туруктуу көзөмөлүндө. Жалпысынан алганда, анын активдүүлүгү калк үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18