12:27, 13 ноября 2023, 24.kg

Таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси тергөө абагына киргизилди

Бишкектин Октябрь райондук соту таштанды челектен табылган наристенин энесин камакка алды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Белгилей кетсек, келин 2024-жылдын 11-январына чейин тергөө абагында болот.

Эске салсак, 8-ноябрь күнү саат 23:30да «102» кызматына Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталаган факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (энеси тарабынан жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш ишин козгоду. Милиция баланын энесин таап, кармады. Баланын атын Садыр коюшту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18