12:05, 13 ноября 2023, 24.kg

Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев көз жумду

Болат Назарбаев 71 жашында көз жумду. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы билдирди.

«2023-жылы 13-ноябрда саат 9:51де Болат Назарбаев узакка созулган оорудан кийин көз жумду», — деп айтылат Алматы борбордук клиникалык ооруканасынын билдирүүсүндө.

 Болот Назарбаевдин өлүмү тууралуу маалыматты биринчи президенттин кеңешчиси Айдос Укибай тастыктады.

«Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Абишевич Назарбаев узакка созулган оорудан кийин 70 жашында көз жумду», — деп жазган ал Twitter баракчасында.

Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Абишулы Назарбаев 70 жашында өнөкөт оорудан улам көз жумду.

Эске салсак, 4-ноябрда Казакстандын бир катар ЖМКларында Болат Назарбаевдин абалы оор экени тууралуу маалыматтар чыккан. Басылмаларда ал экинчи жолу инфаркт менен ооруканага жаткырылганы белгиленген.

Болат Назарбаев 1953-жылы 23-мартта Алматы облусунун Шамалган айылында туулган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18