11:45, 13 ноября 2023, 24.kg

Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы жарым марафон боюнча Азия чемпионатын утту

Кыргызстандын аялдар курама командасы БАЭде өткөн жарым марафон боюнча Азия чемпионатын жеңип алды. Бул тууралуу якут ЖМКсы "ЯСИА" билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, жарым марафон боюнча Азия чемпионаты (21,1 чакырым) Дубайда 11-ноябрда жыйынтыкталды.

Кыргызстандын курамасынан төрт спортчу: Сардана Трофимова (ыыйынтык 1 саат 14 мүнөт 44 секунд), Гүлшана Сатарова (1:15:18), Мария Коробицкая (1:15:42) жана Айнуска Калил кызы (1:16:07) катышты.

Командалык таймаштарда ар бир өлкөнүн спортчуларынын үч мыкты жыйынтыгы эсепке алынды. Кыргызстандын курамасы биринчи орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду. Экинчи орунду Өзбекстан, үчүнчү орунду Индия ээледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18