11:15, 13 ноября 2023, 24.kg

Кыргызстандык спортчу самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

Арменияда өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар дагы үч медаль алышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.

88 килограммга чейинки салмак ченинде Жамалбек Асылбек уулу дүйнө чемпиону болду. Финалда ал казакстандык спортчу менен беттешип, жеңишке жетти.

Коло байгеге Бекболот Токтогонов (98 килограммдан жогору) жана Саяк Бараканов (64 килограммга чейин) ээ болушту.

Чемпионаттын биринчи күнүндө кыргызстандык Белек Бараканов экинчи орунду ээлеген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18