10:54, 13 ноября 2023, 24.kg

Бишкекте көмүдүн баасы текшерилди: Кара-Кече көмүрү 4,7 миңден сатылып жатат

Бишкекте көмүрдүн баасына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Мекеме 25-октябрдан тарта Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен Кыргызстанда көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин эскертти.

Кызмат Мурманск жана Дэн Сяопин проспектисиндеги көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүзгөн. Мыйзам бузуулар аныкталган жок. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече көмүрү 4 миң 700 сомдон, ал эми импорттук көмүр 6 миң 200 сомдон сатылууда.

Мекемеден кошумчалашкандай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн кызмат күн сайын көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүп, белгиленген максималдуу нарктын сакталышын көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18