13:08, 10 ноября 2023, 24.kg

Бишкекте үч жашар кызды соода борборлордун биринен уурдап кетишкен

Бишкекте кечээ үч жашар кызды уурдап кетишти. Маалыматты 24.kg агенттигине Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кыздын апасы милицияга кайрылып, Жибек-Жолу проспектисиндеги соода борборунун оюн залдарынын биринде белгисиз адамдар кызын уурдап кетишкенин айткан.

Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренеси «адам уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду.

Издөө иштеринин натыйжасында эки шектүү — 13 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы Р. М. аттуу жарандар кармалып, укук коргоо органдарына жеткирилди. Окуянын чоо-жайы такталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18