12:26, 10 ноября 2023, 24.kg

Башкы прокурор Кытайда соттолгон кыргыздарды мекенине которуу маселесин көтөрдү

Кыргызстандын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Сианда (КЭР) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин көзөмөлдөө органдарынын башчыларынын жыйынына катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү жогорулатуу, ШКУга мүчө өлкөлөрдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана мамлекеттик экономиканы модернизациялоодо прокуратура органдарынын ролу тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле Курманкул Зулушев менен Кытайдын башкы прокурору Ин Юнанын жолугушуусу болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын көзөмөл органынын башчысы тарабынан эки мамлекеттин прокуратура органдарынын кызматташтыгын бекемдөө, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана биргелешкен окутуу иш-чараларын өткөрүү, кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле КЭР аймагында соттолгон Кыргызстандын жарандарын которуу жана жазаны аткаруу шарттарын жакшыртуу маселелери көтөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Аскер прокуратурасынын жетекчилери эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатында маалымат алмашышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18