10:20, 10 ноября 2023, 24.kg

Билим берүү жана илим министрлигине 65 ноутбук тапшырылды

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоору Билим берүү жана илим министрлигине 65 ноутбук тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алар райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө таратылат.

Ноутбуктар санариптик мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды талдоо жана кайра даярдоо институтунун дистанттык окутуучу IT-платформасы аркылуу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн колдонулат.

«Бул инструменттер билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы менен үзгүлтүксүз байланышта болуу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин бекемдөөгө жардам берет жана Кыргызстанда сапаттуу билим берүүнү камсыз кылат», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18