17:46, 09 ноября 2023, 24.kg

Нурдан Орунтаев Мамкурулуштун директору болуп дайындалды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мырзабек Жыпаркулов мекеменин директору кызматынан бошотулду. Анын ордуна эми экс-вице-мэр Нурдан Орунтаев дайындалды.

Нурдан Орунтаев вице-мэр болуп турганда бир нече жолу чыр-чатактардын чордонунда болгон. Акыркысы «Батуми» кафесинин бузулушуна байланыштуу. Ишке президент Садыр Жапаров кийлигишип, маселени жеке көзөмөлгө алууну УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18