15:57, 09 ноября 2023, 24.kg

Садыр Жапаров Газа тилкесиндеги согуштук аракетерди токтотууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Ташкент шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров Түркмөнстандагы президенттердин акыркы жолугушуусунан бери эки жыл өткөнүн белгиледи. Бул мезгил ичинде ЭКУ мейкиндигине түздөн-түз таасирин тийгизген олуттуу геосаясий өзгөрүүлөр болду.

«Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз», — деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Афганистан тематикасына дагы токтолуп, ал жактагы элге гуманитардык жардам көрсөтүү жана афган экономикасын калыбына келтирүүгө көмөктөшө турган регионалдык интеграциялык экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ар тараптан колдоо боюнча ишмердүүлүктү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18