14:48, 09 ноября 2023, 24.kg

Дайырбек Орунбеков: Акылбек Жапаровдун Көлбаев менен байланышы жок

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейинде куттуктоо айтып жаткан видеосу тууралуу комментарий берди.

Анын айтымында, Акылбек Жапаров Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын 70 жылдыгына арналган тойго катышкан.

«Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда. Майя Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Майя Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Акылбек Жапаровдун Камчы Көлбаевдин апасынын мааракесинде куттуктоо айткан видеосу кеңири талкууланып жатат.

Кадрлар качан тартылганы белгисиз. Ал тойдо дагы кайсы аткаминерлер болгону такталган эмес.

Камчыбек Асанбектин апасы Майя Алиева 2018-жылы 70 жашка толгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18