13:29, 09 ноября 2023, 24.kg

Бишкекте баңги жана психотроптук заттарды даярдоого шектелген жаран кармалды

Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 3-ноябрда «102» кызматына белгисиз адам унаада баңги затын сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 26 жаштагы У.Н. аттуу жаран кармалды. Анын унаасынан 140 грамм гашиш табылды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18