12:30, 07 ноября 2023, 24.kg

Жолдорду оңдоо. Мэриянын айрым кызматкерлери иштен алынышы мүмкүн

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы тротуарлардын курулуш иштерин текшерди. Жолугушуунун жүрүшүндө ал оңдоо иштерин тездетүүгө чакырды.

Мэр тротуарлардагы жасалып жаткан иштер аяктаганга чейин башка көчөлөрдү казуу иштерин жүргүзбөөнү тапшырды. Тиешелүү кызматтардын жетекчилерине, акимдерге жана «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын жетекчилигине курулуш мөөнөтүнүн сакталышын көзөмөлгө алуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Айбек Жунушалиев кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүп, анын ишинин жыйынтыгы боюнча мэрдин орун басары Максатбек Сазыкулов, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишкананын директору ТурусбекТүмөнбаев, ишкананын башкы инженери Урматбек Шаршеналиевге карата тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

«Эгерде оңдоо иштери өз убагында бүткөрүлбөсө, ошондой эле тротуарларды курууда сапатсыз иштер аткарылса, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына карата ээлеген кызматынан бошотууга чейин чаралар көрүлүп, подряддык уюмдарга айып салынаары белиленди», — деп билдирди мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18