13:13, 03 ноября 2023, 24.kg

Акыркы жылы «Кумтөрдөн» 25 жылга караганда көп каражат түшкөн

Акыркы жылы эле «Кумтөрдөн» 25 жылга караганда көп каражат түшкөн. Бул тууралуу «Жакырчылык жана теңсиздик» улуттук форумунда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

«1994-жылдан 2021-жылга чейин, башкача айтканда, 25-26 жылдын ичинде «Центерра» бизге ар кандай дивиденддер жана которуулар менен 100 миллион доллардан ашык берген эмес. Ал эми биз өткөн жылы эле 140 миллион доллар дивиденд алдык. Мындан ары да өкмөттүн жана президенттин позициясы өзгөрбөйт, казына биринчи кезекте эл үчүн иштеши керек», — деди ал.

Эске салсак, Кумтөр алтын кени 2022-жылдын июлунда толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18