16:11, 02 ноября 2023, 24.kg

Кочкор районунда Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борбору ачылат

Кочкор районунда Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, долбоор мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин төрагасынын колдоосу менен ишке ашырылат.

Күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону азыр кичи мекенинде жана мектеп окуучулары менен жолугуп, спортчулар үчүн мастер-класстарды өткөрөт.

Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) балбандардын дүйнөлүк рейтингин жарыялаган. Ал Кытайда өткөн Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн. Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында жеңишке жеткенден кийин Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова рейтингде биринчи орунду ээлешти.

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандагы эң көп жеңишке жеткен спортчулардын бири. Ал Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон. Өткөн жылы Улан-Батордо күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль алган, 2023-жылы Астанада алтын тагынган. Айсулуу Тыныбекова Азияда кыз-келиндер күрөшү боюнча мыкты спортчу деп табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18