14:07, 02 ноября 2023, 24.kg

Жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алган жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Кыргызстанда жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Чүй облусунун тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, жергиликтүү айыл өкмөтүнө таандык болгон 55 гектар жер участогун пайдаланууга же иштетүүгө тийиштүү документтери жок болгондугуна карабастан, өз алдынча басып алуу жана иштетүү үчүн тааныш адамдарына буйрутма берген.

Топтолгон материалдардын негизинде (бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жергиликтүү кеңештин депутаты жана дыйкан чарбасынын төрагасы болгон Н.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18