10:43, 02 ноября 2023, 24.kg

Кыргызстанда жасалган лифттер Россияга экспорттолот

Кыргызстанда жасалган лифттер Россияга экспорттолот. Бул тууралуу Sky Elevators заводу менен орусиялык «УК Технопарк Торгмаш» компаниясынын ортосундагы келишимге кол коюу учурунда белгилүү болду.

Кыргызстандык ишкананын жетекчиси Рахат Жунушбаева белгилегендей, завод лифттерди экспорттоону күчөтүү үчүн жигердүү иштеп жатат. Анын айтымында, Россияга жеткирүү продукцияны алдыга жылдырууда чоң кадам болот.

«Биз өлкөбүздү өнөр жай өнүккөн өлкө катары да билишин каалайбыз. Жалпысынан биз сапат, инновация жана баа жагынан ата мекендик лифттерибиздин атаандаштыкка туруштук берүүсүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мындан ары экспорттун көлөмү көбөйөт деп ишенебиз», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18