17:26, 01 ноября 2023, 24.kg

Садыр Жапаров Астанага Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине барат

Президент Садыр Жапаров 2-3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астанага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Саммиттин темасы «TURKTIME» (Traditions-салттар, Unification-биригүү, Reforms-реформалар, Knowledge-билим, Trust-ишеним, Investments-инвестициялар жана Mutual Energy-өз ара энергия) болот. Өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат», — деди Муратбек Азымбакиев.

Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы көп тараптуу документтерге кол коюулуп, ТМУ Транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы, түрк мамлекеттер уюмунда жана Түрк маданияты жана мурасы фондунда бир катар кадрдык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле 6-февралды «ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү» деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынмакчы.

Саммиттин ишине Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18