12:43, 01 ноября 2023, 24.kg

Орусияга барган кыргызстандык туристтер ал жактан банк картасын ачтыра алышат

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте россиялык банктарда эсеп ача алышат. Орус өкмөтү 25 мамлекеттин жарандарына орус банктарында эсептерди жана депозиттерди ачуу үчүн уруксат берди. Тиешелүү буйрукка Россия Федерациясынын өкмөт башчысы Михаил Мишустин кол койду.

Россиянын банкында эсеп же аманат ачууну каалагандар Россияга киргенге чейин эле өз өлкөсүндө жайгашкан кредиттик уюмга документтердин пакетин тапшырышы керек. Келгенден кийин алар орус банктарында төлөмдөрдү жүргүзө алышарын билдирди Михаил Мишустин.

Механизм Орусияга келген туристтер жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу болот, өнөктөш мамлекеттердин ишкер коомдоштуктарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жардам берет.

Тизмеде 25 өлкө бар: Беларусь, Казакстан, Бразилия, Индия, Кытай, Сауд Арабиясы, Түркия, Азербайжан, Алжир, Армения, Бахрейн, Египет, Индонезия, Катар, Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Монголия, БАЭ, Оман, Пакистан, Тажикстан, Таиланд, Түркмөнстан жана Өзбекстан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18