12:21, 01 ноября 2023, 24.kg

Бишкекке жакын жерде калкып жүрүүчү күн электр станциясы курулат

Бишкекке жакын жерде калкып жүрүүчү күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу «Чакан ГЭС» ачык акционердик коому билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкана биринчилерден болуп ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнине орнотулуучу күн электр станциясынын пилоттук долбоорун ишке ашырып жатат.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан калкып жүрүүчү күн электр станцияларын өнүктүрүүгө грант бөлүнгөн.

Бул электр станциялардын долбоору биринчи кезекте башка станцияларды жогорку жүктөм менен иштеген учурда жана суу ресурстарынын жетишсиз мезгилинде колдоо катары каралууда.

Азия өнүктүрүү банкынын эксперттери ГЭС-5 суу сактагычынын күзгүсүнө алдын ала кубаттуулугу 100 киловатты түзгөн фотоэлектр панелдерин орнотуу ордун аныкташты.

Испаниялык «Гамма» компаниясы курулуштун башкы подрядчиги катары тандалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18