16:55, 31 октября 2023, 24.kg

Пара Азия оюндарынын катышуучуларына акчалай сертификаттар тапшырылды

Photo 312233

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Ханчжоу (Кытай Эл Республикасы) шаарында өткөн IV Азиянын пара оюндарына катышкан спортчуларды куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Хусан кызы Хайитхон дзюдо боюнча алтын медаль, Жалалдин Абдувалиев жеңил атлетика боюнча күмүш, Жүзбаева Гүлназ жеңил атлетика боюнча коло медаль тагынышкан.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

Биринчи орунга 1 миллион 250 миң сом, экинчи орунга 750 миң сом, үчүнчү орунга 500 миң сомдук акчалай сыйлыктар каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18