16:10, 31 октября 2023, 24.kg

Депутат шайлоого барбаган жарандарга айып пул салууну сунуштады. БШК буга каршы

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогоку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун демилгеси боюнча өз пикирин билдирди.

Эл өкүлү шайлоого барбаган жарандарга 5 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштаган.

Нуржан Шайлдабекова шайлоо укугу — укук экенин, ал милдет болбошу керектигин белгиледи.

«Конституцияда шайлоочулардын эркине таасир этүүчү финансылык, административдик жана башка ресурстарды колдонууга тыюу салынары да ачык көрсөтүлгөн. Башка нормаларда да Кыргызстанда шайлоо эркин өтөрү жазылган. Биз азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз. Парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордо шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы байланыш тыгыз болууга тийиш. Эл аралык практикада аларды камсыз кылуучу инструменттер бар. Ошондуктан жумушчу топ маселени чечүү үчүн өзүнүн сунуштарын берет», — деди БШК башчысы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18