13:36, 31 октября 2023, 24.kg

Үч өткөрмө бекетинде жарандарды, транспортту өткөрүү убактылуу токтотулат

Үч көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандарды, транспортту жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 31-октябрда саат 12:30да тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын жаңыланышына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Эркечтам», кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Бор-Дөбө» жана «Карамык» өткөрүү пункттарында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.

УКМКнын Чек ара кызматы ар бир өткөрүү пунктунда системаны жаңылоо иштери бир жарым сааттан ашык эмес убакытты аларын белгилейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18