11:51, 31 октября 2023, 24.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 4,25 пайызга өстү

Жыл башынан 30-октябрга чейин Кыргызстанда доллардын расмий курсу 4,25 пайызга жогорулап, 89,32 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, курстун кескин өйдө-ылдый болуусун жоюу үчүн Улуттук банк доллар сатуу боюнча 655,7 миллион долларга 14 интервенция жасады.

«Азыр банк секторунда накталай жана накталай эмес валюта жетиштүү. Валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда», — деди Аида Карабаева.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18