10:06, 31 октября 2023, 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улуу Британияга расмий сапар менен барат

Ноябрдын аягында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Улуу Британияга расмий сапары пландалууда. Бул тууралуу брифингде Британиянын Бишкектеги элчиси Ник Боулер билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин трагасы бизнес-делегациянын коштоосунда барат. Бул анын падышалыкка болгон биринчи сапары болот.

«Сапардын аркасында Кыргызстан менен Улуу Британиянын соода мамилелеринде жылыш болот деп ишенебиз. Сапардын алкагында эки бизнес-форум өтөт, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн бизнес тармагындагы кызматташтыгын талкуулоого болот. Азырынча талкуу жүрүп жатат, биз сапардын жыйынтыгы боюнча кандай документтерге кол коюларын азырынча айта албайбыз», — деп кошумчалады Ник Боулер.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18