17:19, 30 октября 2023, 24.kg

Бишкекте министрликтердин биринин кызматкери баңгизат менен кармалды

Бишкекте министрликтердин биринин кызматкери баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 34 жаштагы мамлекеттик кызматкер 22-октябрда болжол менен саат 21:40 чамасында Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда кармалган. Ал тоголоктошкон формадагы кочкул жашыл заттарды жерге ыргытууга аракет кылган.

Кармалган жарандын жашаган жери боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10 даана баңги каражаттары табылып, алынган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар «ооган чарсы» деп аталары аныкталган.

Шектүү соттун чечимине ылайык Бишкектеги тергөө абагына киргизилип, кылмыш иши козголду

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18