16:11, 30 октября 2023, 24.kg

ӨКМ: аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаай турганынын билдирди.

31-октябрда эртең менен жана күндүз, ошондой эле 1-2-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө.

31-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

31-октябрда жана 1-2-ноябрь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, тоолуу аймактарда −8 градуска чейин түшүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18