12:30, 30 октября 2023, 24.kg

Кара-Балтада массалык мушташта өспүрүм октон жаракат алды

Кара-Балтада массалык мушташта бир өспүрүм октон жаракат алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окуянын күбөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, окуя 25-октябрда болжол менен саат 1:00дөр чамасында Сосновка бурулушу деп аталган аймакта болгон.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы 24.kg басылмасына билдиргендей, мушташка 16-18 жаштагы өспүрүмдөр катышкан. Алардын бири мергенчилик мылтыктан ок чыгарып, 15 жаштагы бала тизесинен жарадар болгон. Жабырлануучу Жайыл райондук травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция кызматкерлери мушташтын катышуучуларын кармап, ички иштер бөлүмүнө жеткиришти. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «курал колдонуу менен жасалган бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду.

Мергенчилик мылтыгынан ок чыгарган өспүрүм аныкталып, ал Алексеевка айылынын 18 жаштагы тургуну болуп чыкты. Өспүрүм убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18