13:52, 27 октября 2023, 24.kg

Бишкек — Ош автожолунда 32 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Бишкек — Ош автожолунун боюнда 32 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Кылмыш ишине шектүү катары Ноокен жана Баткен районунун тургундары кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга маркумдун эжеси кайрылып, 17-октябрда Сузак районунда бир тууган инисинин сөөгү табылганын билдирген. Эмне себептен каза болгонун аныктап берүүнү жана кылмыш жасагандарга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «Адам өлтүрүү» менен катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 29 жана 35 жаштагы жарандар кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18