13:22, 27 октября 2023, 24.kg

Өлкөдөгү ашууларга кар жаады. Бирок каттамдар ачык

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга коопсуздук үчүн жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, алыскы жолдо каршы тилкеге чыкпоону эскертти.

Мекеменин маалыматына ылайык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда суу кар жаап, жумушчулар жолго инерттик материалдарды чачып жатышат.

Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда жамгыр аралаш кар жаап, болжол менен 2-3 сантиметрге жетти.

Ошондой эле Талдык, Тоңмурун, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында учурда кар жаап, күн бүркөө.

Жогоруда белгиленген ашууларда жол ачык жана каттамдар жүрүп жатат.

«Коопсуздук үчүн жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, алыскы жолдо каршы тилкеге чыкпай, айдоо учурунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет. Жумушчулар инерттик материалдарды тайгак жолдорго чачып, жол кырсыктарын алдын алуу максатында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18