11:40, 27 октября 2023, 24.kg

Кыргызстандын банкы Кытайдын банкы менен насыя тууралуу сүйлөшүп жатат

«РСК Банкынын» жетекчилиги Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын президенти Тан Цзионг менен жолукту. Бул тууралуу Instagram баракчасында «РСК Банкынын» башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев билдирди.

Анын айтымында, тараптар Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү ишке ашыра турган экономика, соода-сатык, инвестиция, транспорт, айыл чарбасы, инфраструктура, ресурстар жана энергетика тармагындагы долбоорлорду каржылоого ири насыяларды бөлүү маселесин талкуулады.

«КМӨБнын активдери 2 триллион доллардан ашык жана бул анын каржылык туруктуулугу менен эл аралык аренадагы аброюн айгинелейт. Ал эми бул банктын экономиканын ар кыл секторундагы долбоорлорду колдоодо жана каржылоодо активдүү роль ойношуна өбөлгө түзүп берет. Мындагы маанилүү маселелердин бири — РСК банк үчүн юань жана доллар менен насыя линиясын ачуу болуп саналат», — деп белгиледи Уланбек Ногаев.

Мындан тышкары кыргыз делегациясы учурдагы корреспондеттик тармакты кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн Bank of China, Bank of Communication и Industrial and Commercial Bank of China сыяктуу каржы мекемелеринин жетекчилери менен жолукту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18