09:43, 27 октября 2023, 24.kg

Кыргызстандык спортчулар Бүткүл дүйнөлүк оюндарында дагы алты медаль алды

Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) Бүткүл дүйнөлүк оюндар уланууда. Бул тууралуу мелдештин сайтында маалымдалды.

Бегай Бейшеналы кызы (60 килограмм) казак күрөшү боюнча мелдеште алтын алды.

Алыш күрөшү боюнча Азизхан Мусабек уулу (90 килограмм), Марлен Абдурасулов (70 килограмм) жана Эльзада Момунжанова (55 килограмм) биринчи орунду ээлеп, алар дагы алтын медаль тагынышты.

Ошондой эле алыш боюнча турнирде Аземи Камчыбекова (65 килограмм) жана Элдияр Сексенбаев (80 килограмм) коло медалга ээ болушту.

Буга чейин Кыргызстан эки күмүш жана беш коло медаль алган. Кечээки жеңиштерден кийин Кыргызстандын курамасы жалпы командалык эсепте 10-орунга көтөрүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18