15:25, 26 октября 2023, 24.kg

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип, кримтөбөл кармалды

Балыкчы шаарында алдамчылыкка шектелип, критөбөл кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык кармалган жаран 49 жаштагы Б.Б. аттуу жергиликтүү тургун.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун тургуну Балыкчы ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында арыз ээсине 3 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган шектүү кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта экени жана анын идеологиясын карманары, ошондой эле Балыкчы шаарында кримтөбөл экени аныкталган.

Кармалган жаран сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18