14:28, 25 октября 2023, 24.kg

Ажылыкка бара тургандарды каттоо 9-ноябрда башталат

Ажылыкка бара тургандарды каттоо 9-ноябрда башталып, 20-ноябрга чейин уланат. Бул тууралуу муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, каалоочулар «РСК Банкына» баштапкы төлөм катары 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сом төлөп, андан соң облустук, райондук жана шаардык казыяттарга жана хатибияттарга квитанциясын көрсөтүшү керек.

«Өткөн жылы электрондук кезекте 111 адам калган, алар буга чейин 1 миң доллар төгүшкөн, эми калган сумманы төлөшү керек. Алдыдагы ажылыкка Кыргызстанга 6,5 миңге жакын квота берилет», — деди Самидин кары Атабаев.

Ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев талапкерлер кезекке туруу үчүн квитанциянын түп нускасын, ID паспортун, чет өлкөлүк паспортун алып келиши керектигин кошумчалады.

Анын айтымында, ажылыкка жашы 18ден жогору болгон жарандар гана бара алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18