17:17, 24 октября 2023, 24.kg

Садыр Жапаров Монголиянын президентин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Photo 311591

Президенти Садыр Жапаров Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык тармактагы маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

 Садыр Жапаров Монголиянын лидерине саламын жолдоп, анын Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүсүн күтүп жатканын кошумчалады.

Президент кыргыз-монгол мамилелеринин потенциалы эми гана ачыла баштаганын белгиледи. Анын сапаттуу жана маңыздуу толтурулушу үчүн зарыл болгон биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо керек. Садыр Жапаров Кыргызстанга тоо-кен өнөр жайына жана айыл чарбасына инвестицияларды тартууда Монголиянын тажрыйбасы пайдалуу болорун билдирди. Республика монгол ишканаларынын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн өлкөдө бизнес жүргүзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катышуусун колдойт.

Өз кезегинде Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ кыргыз тараптын Кытай, Россия жана Монголия ортосундагы эл аралык автомобилдик каттамдарды өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кошулуу демилгесин колдоду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18