16:08, 24 октября 2023, 24.kg

Өзбекстанда оңдолгон тик учак Кыргызстанга жеткирилди

Өзбекстандын Коргоо министрлиги Ми-8МТВ тик учагын ондоп, Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнө өткөрүп берди.

23-октябрда президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына өлкө авиациясы эки аскердик тик учак менен толукталганын жазды.

Жапаровдун белгилешинче, 2021-жылы жетишилген макулдашууга ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга кайтарымсыз гуманитардык жардам катары МИ-8МТВ тик учагын берген.

«Андан соң Кыргызстандын аскер тик учактар паркындагы дал ушундай тик учактардын бири Өзбекстандын «Чирчик авиациялык оңдоп-түзөө заводуна» толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө берилген. Оңдоо иштерин гуманитардык негизде Өзбекстандын Коргоо министрлиги толугу менен моюнуна алган», — деп жазды Жапаров.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин адистери оңдолгон тик учакты өткөрүп алып, аны «Чирчик-Ош», «Ош-Бишкек» каттамы менен алып келишти. Тик учак толук кандуу өз ишин аткарууга даяр.

Жапаров бул иш Шавкат Мирзиёевдин колдоосу менен ишке ашканын белгилеп, ага ыраазычылык билдирди.

Андан мурдараак Садыр Жапаров 2016-жылы Орусия Кыргызстанга берген МИ-8МТВ-1 тик учагы алты жылдан кийин Беларуста оңдолуп кайра колдонула баштаганын кабарлаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18