13:23, 24 октября 2023, 24.kg

Бишкекте кайрадан коомдук транспорттун каттамына чектөө киргизилди

Бүгүн дагы троллейбустардын каттамына чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына байланыштуу троллейбустардын каттамына саат 16.00дө чектөө киргизилет.

Эскерте кетсек, 25-27-октябрда Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет. Чүй проспектиси боюнча Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки, Абдрахманов көчөсү боюнча Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки жолдор убактылуу жабылат.

23-27-октябрь күндөрү Бишкекте Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын расмий сапары, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэнин жумушчу сапары , КМШ, Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыныны болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18