13:13, 23 октября 2023, 24.kg

Ак илбирске улуттук жаныбар макамын берүү сунушталууда

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бир катар уюмдар ак илбирске улуттук жаныбар макамын берүү өтүнүчү менен президентке кайрылышты. Бул тууралуу Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программа билдирди.

Кайрылууда ак илбирсти жана анын байырлаган чөйрөсүн коргоонун маанилүүлүгү баса белгиленип, бул маселе боюнча кызматташуу даярдыгы билдирилген.

«Улуттук жаныбарлар маданияттын жана жаратылыштын символдоруна, сыймыктануунун жана эл аралык таанылуунун булактарына айланган Индия, АКШ жана Кытай сыяктуу башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү мисалдарына таянуу менен бул демилге барган сайын актуалдуу болууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Ак илбирстин улуттук жаныбар катары таанылышы бийик тоолуу экосистеманын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча чараларды бекемдөөгө, экологиялык туризмди өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргогон өлкө катары имидижин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле демилгеде ак илбирстин Кыргызстандын экосистемасындагы, анын тең салмактуулугу жана башка түрлөрдүн жашоосун сактоодогу ролу баса белгиленет.

Жаратылышты коргоо өкүлдөрү мамлекет башчысы кайрылууну карап, ак илбирстин пайдасына чечим кабыл алат деп ишеним артышууда.

Кайрылуу бүгүн, 23-октябрда белгиленүүчү ак илбирстин эл аралык күнүнө арналган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18