17:28, 19 октября 2023, 24.kg

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алган аскерге эки бөлмөлүү батир берилди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жаракат алган чек арачы Таирбек Инхамовго эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Камчыбек Ташиев Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Photo 311191

Маалыматка ылайык Таирбек Инхамов минометтун жарылуусунан эки бутунан катуу жаракат алып, колуна ок тийип, сол көзүнөн ажыраган. Учурда ал ата-энеси менен жашайт.

Эске салсак, былтыр 16-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 206 адам жабыркап, 63 адам каза болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18