16:15, 19 октября 2023, 24.kg

Бишкекте айрым имараттарга бомба коюлду делген маалыматтар такталган жок

Мамлекеттик мекемелерде жана соода борборлорунда бомба коюлду делген маалыматтар такталган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык ИИМдин кинологдору Жогорку, Октябрь, Биринчи май жана Ленин райондук сотторунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Азия Молл жана Айчүрөк соода түйүндөрүнүн имараттарынан кандайдыр бир шектүү же жарылуучу заттарды тапкан эмес.

«Келип түшкөн бардык билдирүүлөр маалыматты катто журналына киргизилип, УКМКга өткөрүлүп берилет», — деп билдиришти мекемеден.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына бомба коюлду делген маалыматтар түшкөн. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жогорку, Ленин жана Октябрь райондук сотторунун, ошондой эле Aзия Молл жана Айчүрөк соода борборунун имараттары курчоого алынып, эвакуацияланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18