12:57, 19 октября 2023, 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина үчүн бир күндүк маяналарын бөлүп беришет

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестинаны колдоо үчүн бир күндүк маяналарын бөлүп беришет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Буга чейин депутат Жалолиддин Нурбаев парламентке Палестина элине кантип жардам берүүгө болот деген суроо менен кайрылып жатышканын билдирген. Ал Тышкы иштер министрлигине банкта эсеп ачууну сунуштаган.

Жаныбек Кыдыкбаев жабыркагандар үчүн депутаттардын бир күндүк маянасын бөлүп берүүнү демилгелеп, колдоо тапкан.

Газа тилкесиндеги Аль-Ахли ооруканасына жасалган ракеталык сокку акыркы күндөрдүн башкы темасы бойдон калууда. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык Газа тилкесинде согуш башталгандан бери дээрлик 3 миң 500 киши набыт болду. Израилде акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 1 миң 300.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18