12:20, 19 октября 2023, 24.kg

Милицияга Бишкекте бир нече жерге бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жогорку жана Ленин райондук сотторунун имараттарына бомба коюлду деген маалымат кабарланды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык билдирүү саат 9.00дө 102 номерине түшкөн.

«Окуя болгон жерге райондук башкармалыктардын жетекчилиги, тергөө-ыкчам топтору барды. Имараттардын ичинде жүргөн жарандар эвакуацияланып, аймактар курчоого алынып, тиешелүү кызматтар иш алып барууда», — деп билдиришти мекемеден. Ошондой эле Asia Moll жана ЦУМ соода түйүндөрүндө да жарандар эвакуацияланып, имараттар курчоого алынганын 24.kg агенттигине Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты. Имараттарга бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтар түшкөн.

Эске салсак, кечээ милицияга Бишкекте үч мектепте бомба бар деген маалымат кабарланган. Мындай маалыматтар борбордо жаз жана жай мезгилдеринде тарап, бардык учурларда билдирүүлөр жалган болуп чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18