15:51, 18 октября 2023, 24.kg

Кыргызстандын текбол курама командасы дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын текбол курама командасы 29-ноябрдан 3-декабрга чейин Бангкокто (Таиланд) өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алышты. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясы билдирди.

Команданын курамына Толгонай Алмазбекова, Айдана Оторбаева, Айтегин Эркинбеков жана Айтегин Максатбек кирди.

Текбол — жаңыдан өнүгүп келе жаткан спорт түрү. Аны 2014-жылы Венгрияда эки футбол сүйүүчүсү ойлоп тапкан: Габор Боршани жана Виктор Хусар. Оюн стол теннисине окшош. Ийри стол жана футбол тобуна окшош топ колдонулат, аны кол менен эмес, дененин башка бөлүгү менен уруу керек. Эки оюнчу ойнойт, ал эми командалык оюнда эки, үч же төрт оюнчу катыша алат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18