12:29, 18 октября 2023, 24.kg

ЖРТдан босого баллдан төмөн алгандар кайрадан тест тапшыра алышат

Жалпы республикалык тестирлөөдөн босого баллдан төмөн алган абитуриенттер кышында тест тапшыра алышат. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Анын айтымында, жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу жарандардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында киргизилген.

«Өткөн жылы кышкы кабыл алуу биринчи жолу өткөрүлдү. ЖРТга 1 миң 260 абитуриент катышып, 800дөн ашууну окууга кабыл алынды», — деди Айнура Асан кызы.

Эскерте кетсек, 17-октябрда ЖОЖдорго кышкы кабыл алууга ЖРТга каттоо башталды. Ал 27-октябрга чейин уланат. Тестирлөө болжол менен 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу абитуриенттерди окуу акысын төлөө келишими (контракт) боюнча орундарга гана тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18