17:37, 17 октября 2023, 24.kg

2028-жылы өтө турган Олимпиаданын программасына спорттун жаңы түрлөрү кошулду

Желек-футбол, крикет, лакросс, сквош жана бейсбол/софтбол 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиада оюндарынын программасына расмий түрдө киргизилди. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин сайтында маалымдалды.

Бул спорт түрлөрү ичинен олимпиадалык программага мурда крикет, лакросс жана бейсбол/софтбол кирген.

Чечим Эл аралык олимпиада комитетинин 141-сессиясында кабыл алынды.

«Спорттун бул беш жаңы түрүн тандоо америкалык спорт маданиятына туура келет жана Америка үчүн символикалык мааниге ээ болгон түрлөрүн бүткүл дүйнөгө көрсөтөт. Бул спорттун түрлөрү 2028-жылы Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндарын уникалдуу кылат. Алардын кошулушу олимпиадалык кыймылга АКШда жана дүйнө жүзү боюнча жаңы спорт күйөрмандарын тартууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи ЭОКтун президенти Томас Бах.

Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндары 2028-жылдын 14-июлунан 30-июлуна чейин өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18