11:01, 17 октября 2023, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Тажикстандын Бустон шаарында Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүүсүн сыпаттоо боюнча макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө канааттангандыгын билдиришти.

Делегациялардын топографиялык жумушчу топторуна жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторуна ишти активдештирүү жана орун алган бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Делегация башчылары 2023-жылдын 2-октябрындагы № 44 протоколдун маанилүүлүгүн баса белгилеп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү жана протоколдун жоболорун дыкат аткарууга даяр экендиктерин билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18