10:55, 16 октября 2023, 24.kg

Ишкерлерден акча талап кылууга шектелип Аксы району боюнча көзөмөлчү кармалды

Ишкерлерден акча талап кылууга шектелип Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Аксы району боюнча «көзөмөлчү» (смотрящий) кармалды.

Кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтүү менен коркутуп Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылган.

Учурда ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК пара талап кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу боюнча телефон аркылуу кайрылууну өтүнөт: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18