10:45, 13 октября 2023, 24.kg

Кыргызстандын футбол курама командасы Бахрейнге достук беттеште утулуп калды

Кечээ Манамада Кыргызстан менен Бахрейндин улуттук курама командаларынын ортосунда достук беттеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Беттеш 2:0 эсеби менен аяктап, Кыргызстан командасы утулуп калды.

Эки голду тең атаандаштар экинчи таймда киргизишти.

Photo 310556

«Мен экинчи таймга канааттанган жокмун, анткени биз оюндун темпине туруштук бере алган жокпуз жана өтө жөнөкөй учурларда ката кетирип жаттык. Атаандаш жараткан бардык учурлар жеке жана тактикалык каталардын эсебинен болду», — деди пресс-конференцияда Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович.

Белгилей кетсек, 15-октябрда «Ак-Шумкар» Филиппин командасы менен ойнойт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18