09:36, 13 октября 2023, 24.kg

Бишкектин дагы сегиз көчөсүндө светофорлор орнотулат

Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти сегиз транспорттук светофордук объект сатып алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, бул максатка 8,1 миллион сом сарптоо пландалууда.

Светофорлор бул кесилиштерде коюлат:

  • Ауэзов жана Кырман көчөлөрү;
  •  Чүй проспектиси жана Айтматов көчөсү;
  • Токтогул жана Акиев көчөлөрү;
  •  Толстой жана 7-апрель көчөлөрү;
  • Өмүр жана Алыкулов көчөлөрү;
  • Садыбакасов жана Жайыл Баатыр көчөлөрү;
  • Тоголок Молдо жана Саадаев көчөлөрү;
  • " Ак-Босого "конушундагы 101-мектептин жанында Профессор Зима көчөсүндө.

Белгилей кетсек, борбор калаага жалпысынан 28 жаңы светофор орнотулат. Буга чейин департамент 11 объектини орнотууга сынак жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18